OKUMA.KG КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА              

      okuma.kg сайты М. Мамаюсуповдун жеке демилгеси жана ОшМУ нун колдоосу аркылуу, кыргыз тилиндеги окуу китептердин ачык электрондук китепканасы катарында ачылып, “Агартуу Академиясы” фонду демилгелеген долбоор аркылуу, Сорос – Кыргызстан фондунун «Маалымат» программасынын алкагында бөлгөн каражатына, 2017 – жылдын 20 – майында кеңейтилип түзүлгөн. Электрондук китепканада, орто мектептерде жана жогорку окуу жайларда КР Билим берүү жана Илим министрлиги тарабынан бекитилген сабактар боюнча жазылган окуу китептер менен катар, окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүү багытында жазылган эркин авторлордун илимий – популярдык жана көркөм адабияттарынын электрондук варианттары жайгаштырылат. Электрондук китепканага коюлган китептердин айрымдары акысыз окулат жана көчүрүлөт. Айрымдары Кыргыз Өкмөтү кабыл алган  «Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөгү» токтомунун (5. 08. 2008 – ж., № 197) негизинде акысыз окулганы менен, автордун макулдугусуз көчүрүп алууга жана пайда алуу максатында көбөйтүп сатууга чектөөчү программа менен корголгон. Коомдо талаш – тартыш маселелерди жаратпоо үчүн саясий жана диний багыттагы адабияттар жана макалалар жайгаштырылбайт. Студенттердин жана окуучулардын өз билимдерин текшерүүгө арналган он-лайн тесттик программа коюлган, каалоочулар байланышып, өз тесттерин койсо болот.

         Электрондук китепкананы түзүүгө Ош Мамлекеттик Университетинин окуу – китеп базасын жана техникалык каражаттарын пайдаланууга шарт түзүп бергендиги үчүн, ОшМУ нун ректору К. А. Исаковго ыраазылык билдиребиз.

 

САЙТТЫН МАКСАТЫ

1. Айылдык орто мектептердин окуучулары менен жогорку окуу жайлардын студенттеринин кыргыз тилинде татыктуу билим алуу муктаждыктарын канааттандыруу;

2. Орто мектептердин мугалимдери менен жогорку окуу жайлардын окумушту – окутуучулар курамына, окуткан сабактары боюнча жеке тажрыйбаларына таянып түзгөн окуу усулдук эмгектерин сыноого жана коомчулуктун баасын алууга карата электрондук баарлашуу аянтчасын түзүү;

3. Мамлекеттик тилде окутуунун жана билим берүүнүн  чеберчиликтерин арттыруу менен катар, кыргыз тилин жана маданиятын этностор аралык байланыштардын көпүрөсүнө айландыруу максаттарын көздөйт. okuma.kg ачык электрондук китепкана: кыргыз тилиндеги окуулуктарды түзүүчүлөрдү жана кыргыз илими менен маданиятына кайдыгер карабаган атуулдарды кызматташууга чакырат.

 

Сиздерди: mamaiusupov.m@gmail.com – электрондук дареги,

0773 780 003, 0553 780 003 телефондору аркылуу байланышууга чакырабыз.