Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери

Автор: Ы.А. Перханова, К.М. Мусаахунов

Бөлүм: Педагогика, Психология

Басылган жылы: Ош, 2014, - 392 б.

Жүктөлгөн убакыт: 2018-01-22 18:29:12

Окуу куралы университеттин педагогикалык багыттагы адистиктерде окуган студенттери үчүн “Жашоо-тиричилик коопсуздугу” предметинин программасына ылайык түзүлгөн. Анда ар түрдүү мүнөздөгү кырсыктар, аларды алдын алуу жана кырсык учурда алгачкы жардам көрсөтүү боюнча кыскача түшүнүктөр берилди. Ошондой эле болочок адистердин, алардын окуучуларынын жашоодогу коопсуз жүрүм-турум эрежелерин окутуп-үйрөтүү менен катар окуу куралы «Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери» аттуу мектеп курсу боюнча 1-9-класстын окуучулары үчүн арналган ар түрдүү дидактикалык материалдардын жыйындысын камтыйт. Окуу куралында коопсуздук эрежелери боюнча тапшырмаларды бышыктоо жана машыгуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар абалы түзүлгөн учурларда аткарылуучу болжолдуу иш-аракеттер сунушталат.
Окуу куралы мугалимдерге, педагогикалык адистикте окуган студенттер үчүн сунушталат. Бул окуу куралында бардык адамдарды жаш курагынан, жынысынан жана адистигинен көз карандысыз тынчсыздандырган жашоонун сергек мүнөзүнүн негизги проблемалары чагылдырылган.

Жаңы китептер